• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Ысык-Көлдө көк бөрү учурунда 32 жаштагы улакчы каза болду

20 Жалган куран 202222:46 Бишкек Govori.TV

Түп районунда көк бөрү учурунда аттан жыгылган 32 жаштагы улакчы каза болду.

Маалым болгондой, кырсык 18-март күнү болжол менен саат 17:00дө Кичи-Өрүктү айылында болгон. Аталган айылдын тургуну Р. А. оюн учурунда жыгылганда башына аттын туягы тийген.

Жаракат алган жаранды облустук ооруканага жеткирилип, ал жерден операция жасалган.

19-мартка караган түнү улакчы каза болгон.

Количество просмотров: 3740