• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Ысык-Көлдө Көлбаевге таандык делген жайлар ишин токтоткону айтылды

9 Тогуздун айы 202310:47 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык делген «Барс», ден соолукту чыңдоо комплекси, “Барашек” кафеси, Чолпон-Атадагы “Каганат” эс алуу жайы ишин токтотту. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка караганда, айрым ачылат деген обьектилер да токтоп калган.

Белгилей кетсек, буга чейин «ПолитКлиника» басылмасы жогоруда аты аталган жайлар Камчы Көлбаевге таандык экенин иликтеп чыгышкан.

Эскерте кетсек, 4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоого багытталган атайын операция жүргүзүлгөн. Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя болгон жерде көз жумган.

Количество просмотров: 3193