• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Көлбаевдин жубайы кайрылуу жасады

7 Тогуздун айы 2023 19:39 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда өзүн Камчы Көлбаевдин жубайымын деп тааныштырган аялдын видеосу жарыяланды.

Ал Көлбаев экөөнүн алты баласы, сегиз небереси, эки келини жана үч күйөө баласы бар экенин айтып, төмөндөгүдөй билдирүү жасаган.

«Саламатсыздарбы! Мен Көлбаев Камчыбектин жубайымын. Маркум жолдошумдун жаркын элесин сактап калуу үчүн бул видео кайрылууну жасоону милдетим деп эсептейм. Биз баш кошкондо, ал жөнөкөй жигит болчу. Анын өзгөчө статусу жок эле, бул кийинчерээк пайда болгон. Бул анын тагдыры, өмүр жолу болду», — дейт ал.

Мындан тышкары ал Көлбаевдин чет элдик эсеби жок экенин жана ал үй-бүлөсүнө миллиондогон акчаларды калтырбаганын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 4-октябрда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя болгон жерде көз жумган.

Количество просмотров: 5066