• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ысык-Көлдө картошканын баасы 8 сомго түшүп дыйкандар нааразы болууда…

28 Аяк оона 2022 9:59 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө дыйкандар картошканын баасы 8 сомдон болуп жатканы алардын эмгегин актабай калып жатканын айтышууда. Дыйкандарды нааразы кылган жагдай картошканын баасынан башка кызмат көрсөтүүлөрдүн баары кымбаттаган.

«Картошканы казуу үчүн жалдаган унаанын майынан тартып, ижара акысы да кыйла көтөрүлдү. А түгүл казылган картошканы терүүгө жалдаган адамдардын кызматынын да баасы өскөн. Бирок картошканын дүң баасы 8 сомго түшүп, эң жакшы деген сортту ушул баа менен өткөрүп жатабыз. Биздин эмгек акталбай жатат, киреше менен чыгашабыз бирдей эле болуп пайда көрбөй калуудабыз. Мурунку жылдары картошканын дүң баасы 15 сомдон түшчү эмес, а быйыл бул баа болуп жатат», — дешет дыйкандар.

Дыйкандар кошумчалагандай, быйыл картошканын түшүмү мол, ал эми аны сыртка тагыраагы коңшу өлкөлөргө алып чыгып сатуу да ишке ашпай жатат.

Количество просмотров: 58