• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө коронавирус аныкталган тургун жашаган көчө изоляцияга алынды

10 Чын куран 2020 19:13 Бишкек Govori.TV

Ак-Суу районунун Жолголот айылынын 1964-жылы туулган тургунунан коронавирус аныкталды. Turmush басылмасы жазды.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Акмолдоев билдиргендей, учурда коронавирус аныкталган тургун жашаган көчө изоляцияга алынып, аны менен байланышта болгон жарандар такталып, алардан анализдер алынууда.

Айыл тургундарынын айтымында, коронавирус аныкталган адам Индиядан айылга келгенде Бишкек шаарында алынган алгачкы анализинин жыйынтыгы менен тааныштырган.

«Аэропорттон обсервацияга алынганы тууралуу кагазын көрсөткөн. Коронавирус аныкталган жок дегенди көргөндө, кам санабай калганбыз», — деп билдирген жашоочулар.

Учурда Жолголот айылынын кире беришине санитардык-карантиндик пост коюлду. Айылга кире турчу башка 5-6 жер дагы жабылган. Элеттиктер кошумчалагандай, коронавирус аныкталган адам Каракол шаарындагы Алтын-Казык кичи районундагы мечитке барчу.

Коронавирус аныкталган адам 22-март күнү Дели—Бишкек авиакаттамы менен Кыргызстанга учуп келген.

Количество просмотров: 1847