• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө куткаруучулар 7 жаштагы баланын сөөгүн табышты

28 Бугу 20229:55 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө куткаруучулар 7 жаштагы баланын сөөгүн табышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-майда саат 21:50 чамасында Каракол шаарынын Пржевальский менен Кузбасский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнүн үстүнөн 7 жаштагы Ш.У бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Каракол шаардык 15-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 22:10 баланын жансыз денесин табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 3921