• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө лагерде эки адам өлтүрүлүп, бири барымтага алынды

5 Теке 2019 11:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теӊири» лагеринде эки адам өлтүрүлүп, бири барымтага алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-июлда болжол менен саат 12:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүгүнө билдирүү түшкөн. Анда Эңилчек жайлоосунда жайгашкан «Хан-Теңири» альпенисттик лагердин башчысынын орун басары — 1970-жылы туулган А.Д. атып өлтүрүлгөндүгү маалымдалган. Аталган билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, териштирүү учурунда «Хан-Теӊири» лагеринде кароолчу болуп иштеген, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.Сергей «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басары — 48 жаштагы А.Д.,ны төшүнө жана ошол эле жерде иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М.К.ны ичке аткандыгы аныкталган.

Ошондой эле, окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы — Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И.У. Сергейди кармоо аракетин көргөн учурда анын колун бычак менен кесип жибергенде, ал качып кеткендиги белгилүү болгон.

Натыйжада алган жаракатынан А.Д. окуя болгон жерден каза болуп калган, ал эми М.К. чек ара заставасына медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан учурда жолдон каза болгон.
Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда С.Сергей адамдарды атып өлтүргөндөн кийин, ошол жерде жайгашкан чумага каршы мекемесинде иштеген, Каракол шаарынын 48 жаштагы тургуну Л.И.ны барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Аталган факт Ак-Суу РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) менен сотко чейинки ѳндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү С.Сергейди кармоо жана Л.И. барымтадан бошотуу максатында атайын ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдѳ.
Кылмыш турмуштук жагдайлардан улам чыккандыгы аныкталган. Окуя болгон жерге ИИМ башчысы Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди издөө иликтөө жана кармоо ыкчам иш-чараларына жетекчилик кылууда.

Количество просмотров: 30