• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө мал уурулукка шектүү жаран кармалды

8 Бирдин айы 2023 12:07 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө мал уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-январда райондук милицияга Кара-Ой айылынын Д.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда жылкысын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 90 миң сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалып, ал мурда бир нече жолу соттолгон Тоң районунун Төрт-Күл айылынын 38 жаштагы К М. болуп чыккан.

Сурак учурунда шектүү жылкыны уурдап, Чырпыкты айылынын тургунуна 30 миң сомго сатып жибергени жөнүндө билдирип, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде ага карата КЖКнын 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде экинчи кошумча кылмыш иши козголгон.

Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде, шектүүгө карата 2 ай камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда шектүү жарандын башка мал уурулук фактыларына тиешеси бар, же жогу текшерилүүдө.

Количество просмотров: 194