Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан балдарды милиция кызматкери куткарып калды. Маалыматта айтылгандай, ал жээкте профилактикалык иштерди жүргүзүп жүргөн учурда көлдөн болжол менен 30-40 метр алыстыкта өспүрүмдөрдүн чөгүп жатканын байкап калган.
Милиция кызматкери дароо сууга секирип, эки баланы өз күчү менен аман алып чыккан. Калгандарын башка эс алуучулар куткарып калышкан.
Текшерүүдө бул жээктеги сууда дароо тереңдеп кете турган жер бар экени аныкталган.