• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды

10 Жетинин айы 202515:53 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган 18 жаштагы жаран кармалды.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, 8-ноябрда рейд учурунда Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 2007-жылы туулган А.У. аттуу тургуну мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен кармалган.

Бул факт Тоң РИИБдин КБРне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган шектүү КР КЖПКнын 96-97-беренелери негизинде камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 121