• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулуп жаткан коттеджердердин курулушу токтотулду

20 Жалган куран 2024 17:38 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулуп жаткан коттеджердердин курулушу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү Ысык-Көл региондук архитектуралык курулушту контролдоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.

Башкармалык Бостери айылында жайгашкан «Даймонт Резорт» пансионатынын аймагындагы коттедждердин курулушуна пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында курулуштардын долбоордук иш кагаздары толук даярдалбагандыгы аныкталды.

Ошентип, «Даймонт Резорт» пансионатынын жетекчиси Э. Нургазиевге КР Укук бузуулар кодексине ылайык протокол түзүлүп, 200 миң миң сом айып пул салынды. Ошондой эле курулушту токтотууга жана иш кагаздарын толуктоого эскерме берилди.

Количество просмотров: 180