• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдөн 16 тонна таштанды чыгарылды

14 Аяк оона 202312:46 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөн 150 күндүн ичинде 16 тонна 261 кг таштанды жана 101 миң 450 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыркы 8 күн ичинде “Радуга Батыш”, “Дордой” жээктерин, Кош-Көл айылындагы «Коворкинг — резорт Акжол», «Кыргыз таңы», «Волвет курорту» пансионаттарынын жана Тору-Айгырдагы “Голливуд лагери», «Маяк», “Джордж Джованна” лагерлери, Балыкчы шаарынын тушундагы көл түбү текшерилди.

Ошондой эле бир нече айылдардын тушу балык уулоочу торлордон тазаланды.

Количество просмотров: 99