• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ысык-Көлдөн 22 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

23 Тогуздун айы 2023 14:56 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөн 188 күндүн ичинде 22 тонна 441 кг таштанды жана 123 миң 350 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суучулдар бул жолу да көлдүн түбүн дем алышсыз тазалашты. 23-октябрга караган түнү суучулдар атайын балыкчылардын торлорун көлдөн чириген балыктары менен кошо чыгарышты.

Алар буга чейин 21-октябрда көлдүн түбүн тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан. Тактап айтканда, тазалоонун 188-күнүндө көл аянтынын 12 миң 988 гектарын тазалап, 2800 метр тор алып чыгышкан.

«Ал эми президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен тазалоо башталгандан тарта суучулдар 310 миң 147, 12 гектардан Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 миң 441 кг ар кандай таштанды жана 123 миң 350 метр тор тазалашкан», — деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

ӨКМден кошумчалашкандай, суучулдар учурда Түп районунун Курмөнтү айылынан Чоң-Өрүктү айылдарына чейинки аралыктарды таштандылардан арылтышууда.

Количество просмотров: 81