• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдүн айрым айылдарын суу каптады

30 Теке 2022 12:56 Бишкек Govori.TV

29-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам болжол менен саат 21:30дар чамасында Каракол капчыгайынын 2 тилкесинде таш-шагыл аралаш сел жүрүп, эки көпүрөнү жаап калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабылган көпүрөлөр бүгүн оор техниканын жардамы менен тазаланат.

Ошондой эле кечээ Түп районунун Балбай, Күрмөнтү айылдарында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду, эгин талааларды каптаган. Жерине айыл өкмөтү тарабынан 3 техника тартылып, суунун нугу жабылган.

Селден кийинки тазалоо иштерине жүргүзүү үчүн бүгүн жерине куткаруучулар жана керектүү техникалар тартылган.

Келтирилген чыгым эсептелүүдө.

Количество просмотров: 2412