• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдөн браконьердик торлор алынды

16 Теке 202511:31 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районуна караштуу бир катар аймактардан жалпы узундугу 1 150 метрди түзгөн браконьердик торлор алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, торлор күн мурун Туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан браконьерликке каршы багытталган иш-чаралардын жана көл акваториясын мыйзамсыз салынган синтетикалык торлордон тазалоого арналган күнүмдүк иш-аракеттердин жүрүшүндө табылган.

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында Тору-Айгыр айылынын аймагынан көл үстүнөн 300 метр, Өрүктү айылынан 400 метр жана Кожояр айылынан 450 метр синтетикалык тор табылып, чыгарылды.

Количество просмотров: 96