«Манас» аба майданынын маалымат кызматынан Ысык-Көлдүн Тамчы айылынын аймагына учак кулап түштү деген маалыматты четке кагышты. Алдын ала берилген кабарларга караганда, пилотсуз учак кулаган.
Бул арада окуя болгон жерден тартылган видео интернетте тарады. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр жүргөнү айтылды.
Ал эми 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып, «Байрактар» учкучсуз учагы кырсыкка учураганын жазды.
ӨКМ маалыматты тактап жатканы кабарланды.
Кошумча маалымат берилет.