• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Ысык-Көлдө пляждардагы тосмолор алына баштады (видео)

19 Кулжа 2023 10:43 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө жарлыктын негизинде пляждагы тосмолор алынууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, президент “КР Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койгон.

Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

Количество просмотров: 159