• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган 15 курал алынды

28 Бирдин айы 2024 10:10 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 5-18-февраль аралыгында Ысык-Көл облусунун аймагында «Арсенал» рейддик иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд облустун аймагында курал-жарактарды, жардыргыч заттарды жана жарылуучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо жана курал колдонуу менен кылмыштарды болтурбоого багытталган.

Аталган иш-чаранын алкагында миңден ашык ышкыбоз мергенчилер жана 148 газ-травматикалык куралдын ээлери текшерүүдөн өткөрүлдү. Ок атуучу куралдар сакталган лицензиялык системанын 21 объектиси текшерилди. Мурда жасалган 20 кылмыштын бети ачылды.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 ок атуучу куралдар алынды. Жалпысынан 89 протокол түзүлүп, анын ичинен 63 учуру ок атуучу куралдарды сактоо шарттарын бузуу, 23 учуру каттоо мөөнөтүнүн эрежесин бузуу болуп саналат. Бул фактылар боюнча жалпы 78 миң сом айып салынып, анын 42 миӊ сому өндүрүлдү.

Количество просмотров: 79