• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Ысык-Көлдө Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери өтүүдө

1 Теке 2023 14:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында даанышман-ойчулдар, Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык маараке тою өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, облустардан келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Иш-чарага бүгүн расмий түрдө старт берилип, «Улут баскан улуу жол» аттуу фестиваль башталды.

Учурда Каракол шаарынын борборуна 50гө жакын боз үй тигилип, ар бир дубан кол өнөрчүлүгү, кыргыздын каада салт санаасын менен таныштырышууда.

Андан сырткары кыргыз казак эл аралык төкмө акындарынын айтышы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өтүүдө.

Каракол шаарынын борбордук скверинде манасчылар манас айтып, салттуу музыка сынагы да болууда.

Улуу ойчулдарга арналган илимий конференция түштөн кийин Каракол шаарындагы Карагат мейманканасынын конференция залында болот.

Иш-чара 2-июлга чейин уланып, сынактардын жыйынтыктары чыгарылып жеңүүчүлөргө байгелерди тапшырылат.

Количество просмотров: 149