Бишкек.12.12.2018.Govori.TV
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда сасык тумоо оорусу күчөп кетип, 26 жаштагы жигит каза болду.
Бул тууралуу Тоң райондук аймактык ооруканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, 1992-жылы туулган А.У. ушул жылдын 27-ноябрында Тоң районунун ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ага эки тараптуу пневмония (өпкөнүн сезгенип ооруганы), дем алуу системасынын жабыркашы, кычкылтектин жетишсиздиги (гипоксия) диагнозу коюлган.
Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, бейтап 29-ноябрда көз жумган. Айрым маалыматтарга караганда, анын оорусу өрчүшүп кетип, эч жакка кайрылбай үйүндө жүрө берген. Анын кесепетинен эс-учун жоготуп, оор абалда ооруканага түшкөн.
Каза болгон жигит бир ай мурун үй-бүлө курган.
Булак: Turmush