• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ысык-Көлдө шахта урап, бир киши каза болду

13 Жетинин айы 2021 22:43 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда шахта урап, бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында кароосуз калган шахта урап, ичинде 1963-жылы туулган К.В аттуу эркек адам калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 19:50дө 13 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 618