• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда асма жол сыноодон өткөрүлдү

16 Чын куран 202610:51 Бишкек Govori.TV

“Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда асма аркан жол сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда адистер B2 асма аркан жолунун иштешин текшеришти.

“Иштер өз нугунда уланууда. Техникалык жөнгө салуу, кызматкерлерди окутуу жана ишке киргизүүгө даярдык жүрүп жатат”, — деп белгилешти ишканадан.
Белгилей кетсек, учурда “Ала-Тоо Резорт” тоо класстерин ишке ашыруу максатында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жер тилкесин сатып алган ишкерлер курулуш иштерин жүргүзүшүүдө.

Количество просмотров: 130