Ысык-Көлдө сууга агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Совет айылынын А. И. аттуу 40 жаштагы тургуну ат менен Ууру-Төр жайлоосуна мал караганы кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн.
«1-июнь күнү аталган жарандын минип кеткен аты Зындан айылынан табылган. Бүгүн, 2-июнда издөө иштерин жүргүзүү үчүн таңкы саат 04:50дө 7 куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында Совет жана Зындан айылдарынын ортосунан агып өткөн суудан изделген жарандын жансыз денеси табылып, куткаруучулар туугандарына өткөрүп беришкен»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, маркум Жыргалаң суусунун агымы шар жерден аты менен өтүп жатып, аттан жыгылып сууга агып кеткен.