Ысык-Көлдө чөгүп жаткан кыз куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабаралашты.
Маалыматка ылайык, 28-июлда «Алия» мейманканасынын тушундагы көлгө 2006-жылы туулган Э.А. аттуу кыз чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат суучул-куткаруучуларга түшкөн.
Тактап айтканда, ошол учурда “Алия” эс алуу жайынын тушундагы жээкке жакын көл үстүндө суучул-куткаруучулар бир нече күн мурун чөгүп кеткен 4 жашар кызды издеп жатышкан.
Издөө ишинде жүрүшкөн Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу, 2 суучул көлгө чөгүп жаткан кызга өз убагында жетип, суудан аман-эсен алып чыгышып, “Тез жардам” кызматынын адистерине өткөрүп беришкен.