• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ысык-Көлдө Түп суусу жайыт жана айдоо жерлерди каптады

13 Чын куран 2022 21:17 Бишкек Govori.TV

Түп районуна караштуу Арал айылынын түндүк тарабында Түп суусунун деңгээли көтөрүлүп, сууга жакын жайгашкан мал сарайларга, жайыт жана айдоо жерлерине коркунуч жаратууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түп райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондук Жарандык коргонуу кызматынын 2 бирдик унаа жүктөгүч тартылып, суунун нугун буруу жана жээктерди бекемдөө иштери кызуу жүргүзүлүп, табигый кырсыктын алдын алуу аракеттери көрүлүп жатат.

«Бул суу каптоо аба ырайынын кескин жогурулашына байланыштуу мөңгүлөр ээрип, тоодон агып түшкөн суунун көлөмү көбөйүп, болжол менен узундугу 200-300 метр жээгин жемирип, айдоо жерлеринин жана жайыттардын аянтын кыскартууга учуратканы менен турак үйлөргө коркунуч жаралган жок.
Түп суусунун норма боюнча агып кирүүсү секундасына 25 м3 түзсө, учурда ага салыштырмалуу болжол менен секундасына 90 м3 суу агып кирүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 180