Ысык-Көл облусунда талаага учак снаряддарды түшкөнү тууралуу маалыматтар тараган.
Айрымдар соцтармактарга видеолорду жайгаштырып, окуя кечээ, 31-мартта Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылынын жогорку бөлүгүндөгү талаалардын үстүндө болгонун айтышкан. Анда талаада белгисиз нерселер түшкөндөн кийин пайда болду деген эки чуңкур тартылган.
Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы окуя катталганын жана материалдар Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнүн билдирди.