• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ысык-Көлдү таштандылардан жана торлордон тазалоо иштери жүрүүдө

14 Бугу 2023 11:12 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары убактылуу эс алуудан кийин Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин башташты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлайт.

Суучулдар 13-майда Ысык-Көлдүн Түп булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, кечке чейин 600 метр балык уулоочу тор чыгарышты.

«Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканын билдирет», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул жылдын мартында Ысык-Көлдө көлдү таштандылардан тазалоо иштери башталган.

ӨКМдин суучулдары 47 күндүн ичинде көлдөн 3,7 миң кг таштанды жана 47 миң метр тор алып чыккан.

Количество просмотров: 85