Ысык-Көлдүн үстүнөн тик учактар учууда. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары видео менен бөлүшүштү.
Маалыматка караганда, видео 21-август күнү Сары-Ой айылында тартылган. Анда тик учактар эс алуучулардын үстүнөн учканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, 17-августта Ысык-Көл облусунда Кыргызстан менен Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы аскерлеринин “Эрдик” тактикалык-атайын машыгуусу башталган.
Машыгууга 150дөн ашык аскер кызматкери катышууда жана 30га жакын атайын, авиациялык техникалар тартылган.
“Эрдик” машыгуусу 23-августта аяктайт.