26-июлда Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Рух-Ордо» маданий борборунда өткөн «Бир тууган фестивалы» элдин нааразы кыйкырык жана нааразычылы менен аяктаган.
Соцтармактагы маалыматтар боюнча, иш-чара кечигип башталып андан соң аягына чыкпай күтүүсүздөн токтоп калган. Көрүүчүлөрдүн айтымында, концерттин токтоп калышын уюштуруучулар “Жымжырттык мыйзамына” байланыштуу экенин айтып жүйө кылышкан.
Бул маселе соцтармакта бир катар ачакей пикирлердин жаралуусуна алып келип, талкуулар журүп жатат.





Ал арада фестивалдын уюштуруучулары концерттин жыйынтыктоочу бөлүгүнүн өтпөй калышы боюнча расмий түшүндүрмө таратып, оунүчтөрүн билдиришкен.
Алардын маалыматында жогорудагы концертте алынган билеттер Бишкекте өтө турчу иш-чарада да актуалдуу боло турганын кошумчалашкан.