Каракол шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каралькова көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ичинде төшөнчүлөр күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1937-жылы туулган Ф.В. аттуу эркек кишинин иске ууланган жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Өрттүн себеби такталууда.