• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө өзгөчө укуктук режим бар инвестициялык борбор түзүлөт

26 Жалган куран 202512:41 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык эл аралык борбор түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду. Документ Токтом порталына жарыяланды.

Ал Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун, анын ичинде чет элдик инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо кепилдиктерин камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ N 92 Жарлыгына ылайык Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык аймакты жана англис укуктук системасынын ченемдерин жана принциптерин, ошондой эле жалпы укук системасынын башка юрисдикцияларын колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү зарыл деп эсептелинди. Министрлер Кабинетине өзгөчө укуктук режим бар атайын инвестициялык зонаны түзүүнү камсыз кылуучу улуттук мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгууну жана кабыл алууну кошкондо, бул Жарлыкты ишке ашырууга токтоосуз киришүү, зарыл болгон учурда англис укугун, ошондой эле жалпы укук системасынын башка юрисдикцияларын колдонуу менен арбитраждык жол-жоболорго адистешкен эл аралык консультанттарды жана эксперттерди ишке тартуу, Жарлыкты ишке ашырууга багытталган тиешелүү мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү ж.б. чараларды ишке ашыруу жүктөлдү», — деп жазылат документте.

Кошумчалангандай, Жарлыкта белгиленген милдеттерди ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 159