• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого үч жылга мораторий кирди

12 Теке 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

  1. Балыкты төмөнкү максаттар үчүн уулоону кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:

1) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;

2) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү;

3) илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– бул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, анын ичинде аквакультура чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

Количество просмотров: 50