• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жаш кызынын кош бойлуу экенин билген аял өзүнө өрт койгон

26 Бирдин айы 202611:10 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө 17 жаштагы кызынын кош бойлуу экенин билген энеси өзүнө өрт койгон.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, 25-февралда Ак-Суу РИИБге Ак-Суу айылынын 1985-жылы туулган М.А. аттуу жаранынын 2009-жылы туулган, жашы жете элек кызы 16 жумалык кош бойлуу экени тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат Ак-Суу РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

«Аталган фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан 17 жаштагы өспүрүм кыз суракка алынган. Сурак алуу учурунда мыйзамдуу өкүлү катары катышуудан анын апасы — 1985-жылы туулган М.А. — баш тарткан (себеби “кызым боюнда болуп калды, элдин бетин кантип карайм” деп билдирген). Буга байланыштуу Ак-Суу райондук Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда жашы жете элек өспүрүм кыз суралган.

Ошол эле күнү, 25-февралда саат 21:00 чамасында, жаш өспүрүм кыздын апасы — 1985-жылы туулган М.А. — “дүкөнгө суусундук алам” деп чыгып кетип, өзүнүн денесине бензин куюп, өзүн өзү өрттөгөн», — деп билдирет милиция.

Натыйжада 1985-жылы туулган М.А. Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилип, алган күйүк жаракаттарынан улам каза болгон.

Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факт боюнча Ак-Суу РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 159