Жеңил унаадан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
22- март күнү кечки саат 20:56да Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылынын Кыдыр-Аке көчөсүндө «Mazda» үлгүсүндөгү жеңил унаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Ак-Суу райондук №39 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, куткаруучулар унаанын күйүп жаткан мотордук бөлүгүн өчүрүүгө жетишип калышкан.