• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ысык-Көлдө желимди кайра иштетүүчү бир нече ишкана курулат

29 Чын куран 2022 11:44 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун аймагында таштанды полигонунун маселесин чечүү үчүн желимди кайра иштетүүчү бир нече ишкана курулат. Бул тууралуу “Биринчи Радионун” эфиринде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

“Учурда аймактын айылдарында таштанды полигондорунун көйгөйү курч турат. Буга байланыштуу биз Ысык-Көлдүн аймагында таштандыны кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу үчүн жеке ишкерлерге жардам берүүнү чечтик. Саруу айылына мындай ишкана куруу үчүн Беларустан жабдыктар келе жатат. Бул ишканада жакынкы айылдардан жана Каракол шаарынан, ошондой эле Кумтөрдөн келген бардык желимдер кайра иштетилет. Кийинки ишкана Чолпон-Атада же Балыкчыда, ошондой эле Түп районунда жайгашат”, — деди ал.

Количество просмотров: 116