• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө жер титиреди

31 Бугу 20219:34 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология иститутунун маалыматына ылайык, жер титирөө 31-майда болжол менен саат 00:08де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

«Жер титирөө Ак-Суу районунун Кургак айылында 3,5 баллга, Таш-Короо айылында 3 баллга чейин сезилген»-деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 222