• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жер титиреди

18 Баш оона 20219:39 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-августта саат 04:43тө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөөнүн очогу — Тар-Суу айылынан 14 км түштүк-батышта, Балыкчы шаарынан 17 км түндүк-батышта»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 555