• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө жер титиреди

20 Тогуздун айы 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 07:04тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

«Жер титирөө Ысык-Көл районунун Кашат, Көк-Дөбө, Григорьевка, Семеновка, Ананьево айылдарында 2,5 балл, Темировка жана Корумду айылдарында 2 баллга чейин сезилди»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 282