• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Ысык-Көлдө жер титиреди

1 Тогуздун айы 202310:42 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 1-октябрда болжол менен саат 03:30да катталган.

Жердин силкинүүсү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарында 4 балл, Тоң, Темир-Канат, Эшперов, Төрт-Күл айылдарында 3,5 балл, Тамга айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 125