• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жер титиреди

6 Чын куран 20209:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелге караган түнү саат 04:59да өлкө аймагында очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирет.

Жер титирөөнүн очогу Эчкили-Таш айылынан түндүк-батышка 12 чакырымда, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышка 16 чакырымда, Жаргалаңдан түштүк-чыгышка 30 чакырымда, Каракол шаарынан чыгышка 76 чакырымда жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Эчкили-Таш айылында 3,5 баллга, Кең-Суу айылында 3 баллга, Жаргалаң айылында 2,5 баллга сезилген.

Количество просмотров: 126