• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жер титиреди

24 Бугу 202010:37 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 23-майда болжол менен саат 21:22де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

«Жер титирөө Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунун Дархан, Оргочор, Кабак, Богатыровка, Мундуз, Ак-Дөбө, Тилекмат, Кызыл-Суу, Жети-Өгүз айылдарында жана Түп районунун Михайловка, Тогуз-Булак айылдарында 4 балл, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Теплоключенка, Маман, Тегизчил, Нововознесеновка айылдарында 3 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 223