• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жер титиреди

12 Аяк оона 202011:06 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 11-сентябрь күнү саат 13:15те Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорное, Кызы-Суу айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 62