Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүү 9-октябрда саат 21:31 чамасында болгон. Очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн күчү Каракол шаарында, Липенка, Ырдык, Челпек, Бөрү-Баш, Жети-Өгүз, Мундуз, Чырак, Кабак, Кой-Сары, Октябрь, Жол-Колот айылдарында 4 баллга, Михайловка, Ысык-Көл, Сары-Булуң, Тогуз-Булак, Чолпон, Жылдыз, Тепке, Сары-Камыш, Кереге-Таш, Теплоключенко, Подгорная, Кызыл-Суу, Светлая Поляна, Оргочор, Боз-Бешик, Түп айылдарында 3 баллга чейин сезилген.