• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө жер титиреди

21 Бирдин айы 202010:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүү кече 20-февралда саат 21:51де катталган.  

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы айылдарында 3 балл, Өрнөк, Чырпыкты, Чоң-Сары-Ой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 92