• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду

12 Аяк оона 2022 13:49 Бишкек Govori.TV

Түп районунда жолго чыга калган аттын кесепетинен жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 196-чакырымында “Фольксваген Пассат”, “Субару” жана “Хонда Аккорд” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жыйынтыгында 32, 28 жана 30 жаштагы үч эркек, жана 14 жана 1 жаштагы кыздар каза болуп, төрт адам жабыркаган, алардын арасында 5 жаштагы кыз бар.

Жабыркагандар Түп райондук ооруканасына жеткирилген.

Милициядан билдиргендей, кырсык жолго чыга калган аттын кесепетинен болгон. “Фольксваген Пассаттын” айдоочусу атты сүзүп, андан кийин башкарууну жоготуп, эки унаа менен сүзүшкөн.

Количество просмотров: 513