• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, жетөө жабыркады

17 Баш оона 202217:56 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, жетөө жабыркады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-августта Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунунун 24-чакырымында Ысык-көл облусунун 36 жаштагы тургуну Ш.Д. Фольксваген-Пассат унаасы менен чыгыштан батышты карай бара жатып рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги даракты сузгөн.

Кырсыктан жүргүнчү – 76 жаштагы Ш.М. алган жараатынан улам ошол жерде, ал эми айдоочу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Жети жүргүнчү (3 чоң, 4 өспүрүм) ар түрдүү жараат менен Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Кырсык унааны катуу ылдамдыкта айдоодон улам болгон.

Аталган факт Ысык-Көл райондук ИИБге каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 610