• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир адам каза болду

4 Бирдин айы 202217:28 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн саат 07:20 чамасында, Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы көпүрөдөн «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Ысык-Көл районунун №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, 27 жаштагы С.С. эркек кишинин жансыз денесин унаадан чыгарышып, маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 937