• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө жол жээгиндеги бактар эмнеге кыйылып жатат? Министрлик түшүндүрмө берди

28 Жалган куран 2024 12:27 Бишкек Govori.TV

1-апрелден тартып «Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр участогунун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейин реконструкциялоо» долбоору боюнча курулуш иштерин башталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда башкы подрядчы «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясы техникаларды, жабдууларды жана кызматкерлерди мобилизациялоо, бактарды кыюу иштерин жүргүзүүдө. Ошол эле учурда Жаркынбаева айылына жакын, 134,4 чакырымында жайгашкан подряддык базанын жана консультанттык кеңсенин курулушу аяктоодо.

Автомобиль жолу Ысык-Көл районунун Корумду айылынан башталып, аягы Түп районунун Балбай баатыр айылын камтыйт. Маршрут 17 калктуу конуштар аркылуу өтөт.

«Жогорудагы долбоорго ылайык кээ бир участоктордо көп сандагы дарактарды кыюуга туура келүүдө. Бул жагдайды жолдун техникалык параметрлеринин жогорулашы, трассанын огун түздөө аркылуу геометриясынын жакшырышы, II — техникалык категория үчүн каршы келе жаткан кыймылдын көрүнүшү, ошондой эле ылдамдыкты чектөө сыяктуу талаптарга шайкеш келтирүү болуп саналат. Усулдук сунуштарга ылайык, жаңыдан курулган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда коргоочу көрктөндүрүүнүн бардык түрлөрүн жайгаштыруу жол тилкесинин чегинен туурасы 50 метрден кем эмес жолдун чектеринде жүргүзүлүшү керек. Жолго жакын отургузулган бак-дарактарды унаа коопсуздугу жагынан кооптуу деп эсептесе болот. Ошондуктан бак-дарактарды кыюуну кырдаалдан келип чыккан аргасыз чечим катары кароого болот», — деп жазылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордо жолду жашылдандыруу каралган, кыйылган бактардын ордуна 1:3 пропорциясында жаңы бак-дарактар отургузулат.

Количество просмотров: 92