• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жыл башынан бери 200дөн ашык экологиялык мыйзам бузуу катталды

25 Жетинин айы 202412:48 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 200дөн ашык экологиялык мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча кеңешмеде айтылгандыгын президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына таянсак, 10 айдын ичинде 206 экологиялык коопсуздукка жана жаратылышты коргоого каршы фактылар катталган. Анын ичинен 45 факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, иштер сотко өткөрүлдү. 124 материалдын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, 33 иш боюнча тергөө амалдары уланууда.

Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилген 2 иш учурда токтотулуп турат.

Жалпысынан мыйзам бузууларга карата салынган айып пулдун суммасы 3 млн 445 миң сомду түздү:

  • мыйзамсыз балык уулоодон – 993 133 сом,
  • мыйзамсыз аңчылыктан – 1 300 000 сом,
  • жер кыртышын бузуу фактыларынан – 288 000 сом өндүрүлдү.

Мындан сырткары, соттук кароого өткөрүлгөн иштер боюнча өндүрүлгөн сумма 2 млн 281 миң сомду түздү, бул былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу 604 миң сомго жогору.

Количество просмотров: 123