• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ысык-Көлгө Россиядан чартердик каттамдар ачылды

4 Тогуздун айы 2022 9:29 Бишкек Govori.TV

Россиянын Nordwind Airlines авиакомпаниясы 2022-жылдын сентябрында Ысык-Көлгө чартердик каттамдарды ачкан. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, учурда Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча аба каттамдар күн сайын, башкача айтканда, жумасына 7 жолу аткарылууда.

«Айтылган авиакомпаниянын учактары Тамчыга Санкт-Петербург шаарынан да каттап жатышат. Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург багыты боюнча чартердик каттам жумасына бир жолу (жума күндөрү) аткарылып келүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 168